Ден-соолук

Диабетти кайсы белгилерден улам билсе болот?

Кант диабетине чалдыккандар эл арасында күн санап өсүп, илдет жашаргандан жашарып баратат. Көпчүлүк бул оору менен ооруганын сезбей жүрө беришет. Оорунун алгачкы белгилерине көңүл буруп доктурга канчалык эрте кайрылсаңыз диабетти толук жеңесиз. Ал үчүн организмде болуп жаткан бул белгилерге көңүл буруу керек.

Салмактагы күтүлбөгөн өзгөрүүлөр, дааратканага тез-тез баруу, ооздун кургап кетиши, табиттин ачылышы, булар эң алгачкы симптомдору.

Кант диабетин «билгизбеген өлтүргүч» деп атап коюшат. Бул оору узак убакыт бою белгисиз жүрүп отургандыгы менен айрымаланат. Анын белгилери көбүнчө зыянсыз жагдайлар же башка оорулар менен байланыштуу болот. Статистика боюнча, кант диабети менен ооруган үч кишинин бири бул оору менен ооруп жатканын билбейт. Ошол эле учурда, диабетти өз убагында аныктоо керек, анткени ага байланыштуу оорулар өтө коркунучтуу болушу мүмкүн. Бөйрөк, жүрөктүн патологиясы, уйку бези ж.б оорулар менен коштолот.

Бат бат заара ушатуу. Бул ашыкча суусундук ичүүдөн келип чыгат. Бөйрөктөр көп өлчөмдөгү суюктукту иштетип аларга күч келет.

Чаңкоо. Ашыкча суусап, канча суу ичсе да суусун канбай калат.

Ооздун кургашы. Ооз көңдөйлөр кургайт. Шилекей чыкпай калгандай сезим болот.

Ачка болуу. Дайыма ачка болуп, канча тамак жесе дагы тоюу сезими жок болот.

Чарчоо. Оор жумуш кылгандай болуп чарчоо, тамак жегенден кийин дагы чарчоо сезими пайда болот.

Салмак өзгөрөт. Адам аз убакыттын ичинде арыктап, же толуп кетет.

Жарааттар кеч айыгат. Денедеги көгөргөн тактар, канаган жерлер узак убакытка чейин айыкпайт.

Ушул белгилердин бири гана байкалса анда дароо доктурга текшерилүү керек.

One thought on “Диабетти кайсы белгилерден улам билсе болот?

Comments are closed.

Яндекс.Метрика