Жаңылыктар

Динди жамынып каалаганын кылган Рустам Байгараев

Кыргыздарга биртике эле бийлик берсе болду, ит өзүн карышкыр, балык өзүн кит сезгендей шаардык кенешке депутат болгондор өздөрүн жогорку кенешке депутат болгондон кем сезбейт. Мисалы, учурда иштеп жаткан 7-чакырылыштагы  Талас шаарынын депутаттарын алып көрсөк, булар мэр Айдар Жузупбековдун канын ичип, шаардын каалаган жеринен жер алып, соода түйүндөрүн ачып, туугандарын кызматка алып келейин деп аракет кылышып, кыскасы мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекет курган немелер. Мэр алардын каалаганын аткарбаса болду дароо мэрге каршы интрига уюштуруп башташат. Иштеп жатабы жокпу аны уруп ойношпойт.

  Булардын ичинде Рустам Байгараев деген дупатат бар. Бабановдун аркасы менен жаны технологияларды алып, акысын кымбат алып элди көрөт. Өзү врач.

“Республика” демиш болгону менен ал партиянын желегин желбиреткендердин деле бири эмес. Ушул Байгараев өзү ажы, Меккеге ыйык жерге бир эмес эки жолу барган. Динге берилген адам кекчил болбойт дейт, а бул кекенген кекчил неме экен  мэрге эрегишип алыптыр, кечээ беш-алты депутатты ээрчитип алып мэрияга келип, мэрди арыз жаз деп айтпаган сөздү айтканын элдер угуп жерге түкүрүп  жатышат. Мамлекетте башаламандык болуп атканда эми Талас шаарында да башаламандыкты уюштургусу келген Байгаревге окшогондор  ушундай абалдан пайдаланып кечээ эле  көрүнгөн партияга сатылып, акча таратып жүргөн “Мекеним Кыргызстанда” иштеген Аскар Шабдановду, Тимур Жумабековду, “Республика” партиясынан талапкер болгон Адилет Токторбаевге окшогондорду кызматка алып келүүнүн аракетинде жүрүшөт.

Аксакалдар, улуу-кичүүлөр кой-ай дешип Рустам Байгараевди эл тынчысын, баарын мыйзам чегинде кылгыла деп жолго салганда, Рустам Байгараев кекенип  кетип баратып, “Баары бир мэрди алабыз” деген эле. Айтканына туруп кечинде 50-60тай  бейбаш балдарды Адилет Токторбаевди баштатып жибериптир. Алар кечинде мэрди ура берээрге алып,  коркутуп, өлтүрөбүз деп, күчкө салып арыз жаздырып, арыз жазбасан үйүнө чейин барабыз, кыйратып ойротобуз дешкен. Мунун баары мэриядагы видео наблюдениеге түшүп калган. Айтмакчы, Адилет Тркторбаевдин агасын да топтолгон атайын топ губарнаторлукка алып келишүүдө.

Рустам Байгараевдей, Адилет Токторбаевдей болуп “Мен Республикада жүргөм” деп каалаганын кылса болобу? Же өлкөдөгү төнкөрүштү “Республика” жалгыз жасадыбы?  Төңкөрүштө каза болгон бала эмне “Республикадан” чыктыбы же көзү агып калгандар, жаракат алгандар ушул партиянын лидерлериби? Кудайды карагыла! Бийлик дегенде эт-бетинен кеткендерди  көрүп туруп эле, кайра аларды кайталай бересинерби!

Бул сурону биз премьер министр Садыр Жапаровго, баш прокурорго беребиз.

Талас шаарынын тургундары:

Эралиева А.

Эшимбаева Э.

Ыбыкеева А.

Айтбеков М.

Давлетказиев А.

Мүсүралиева Г.

Иманкулов Ж.

Яндекс.Метрика