Видео Жаңылыктар

Дордойдон 20 миң доллар жана телефон уурдаган кыздар видеого түшүп калышкан

«Уурулукка шектүүлөр кармалышты», — деп билдирди Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы 10-февралда. Окуя Дордой базарында 2020-жылдын 24-декабрында болгон. Белгисиз адамдар соодагердин смартфонун уурдап кетишкен. Мындан тышкары, 29-декабрда кечки саат төрттөр чамасында башка соода контейнеринен 20 миң доллар жана документтер уурдалган.

Жабырлануучулар милицияга кайрылышкан жана бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси («Уурулук») менен катталган. Свердлов РИИБнин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашты. Алар 1985-жылы туулган И.А., жана 1997-жылы туулган А.Ж. болушкан. Аялдар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция кармалгандарды башка кылмыштарга катыштыгын аныктайт.

Видео:

Яндекс.Метрика