Жаңылыктар

Эбегейсиз байлыкка ээ болгон Жогорку Соттун судьясы кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жогорку Соттун судьясынын бир топ байлыктары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шектүү 14-декабрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-декабрда анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

«Ал киреше булактары жок болсо да, көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү, элиталык имараттарды, Ысык-Көлдүн жээгинен престиждүү пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. Мыйзамсыз тапкан мүлктөрүн башка кишилерге каттаткан, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган фактылар аныкталган».

Ошондой эле ал коммерциялык ишканалардын бирине, биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын бергени тууралуу маалымат бар.

Мындан сырткары, өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн Декретин жокко чыгарып, Мамлекеттик казынага көп миллиондогон сом чыгым келтирген. Жогорудагы чечими үчүн улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алган.

Яндекс.Метрика