Жаңылыктар

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери чек арада ок атпоо келишимин кабыл алышты

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрель, кечки саат 20:00дө эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

“28-29-апрелдеги эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасында орун алган окуялардан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин сүйлөшүп, абалды дипломатиялык, тынчтык жолу менен жөнгө салууну макулдашты.

Министр Казакбаев кыргыз тарап башка өлкөнүн жерине көз артпаганын, ошол эле маалда өз жерин бербестигин айтты. Чек арага жакын райондордо коопсуздукту камсыздоо, эки элдин ортосундагы чыңалууга жол ачкан бардык маселелерди райондук, облустук, мамлекеттик деңгээлде чечүү макулдашылды”, — деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тастыктаган билдирүү таратты

Яндекс.Метрика