Дүйнөдө Кызыктуу

Эки баштуу ымыркай 9 күн жашады

Ушул жылдын 27-июнь күнү коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында эки баштуу наристе жарык дүйнөгө келген. Ымыркай энесинин ичинде 16 жума болгондо билинген. Дарыгерлер апасына эки баштуу бала төрөлүүсү мүмкүн экенин айтышкан, ага карабастан эне төрөөнү чечкен.

27-июнда кесарево сечение жолу менен эки баштуу ымыркай жарык дүйнөгө келген. 9 күн бою жандандыруу бөлүмүндө жаткан наристе доктурлардын кылган бардык аракетине карабастан чарчып калды.

Сиам эгиздеринин биринчиси эртең мененки 07:50дө экинчиси 10:50дө дем алуу, жүрөк кемчилигинен жана тубаса кемчиликтерден улам чарчап калды.

Сиам эгиздери дүйнөдө сейрек кездешет. Мындай эгиздердин төрөлүшүнүн себеби көп, мисалы: жакын туугандар менен баш кошкондо, экологиянын бузулушу, радиция. Аман-эсен туулгандан кийин көпчүлүгү 30-50 жашка чейин жашашат.

Яндекс.Метрика