Саясат

Эки күндүк согуш. Кыргыз бийлиги кетирген алешемдик

Бүтүндөй элди зыркыраткан, бүтүндөй элди түп көтөргөн эки күндүк согуш… Өтө көп, өтө оор, өтө татаал суроолорду жаратып турат.

Элдин духу, биримдиги күчтүү экен. Эр-жигиттер баарына даяр экен. Бирок мамлекеттин даярдыгы начар экен. Мамлекет жетекчилеринин даярдыгы жок, көрөңгөсү бош экен.

Ошондон эл жабыркап калды. Беш көкүл кыз Мадина, сүйкүмдүү балакай Абидин, ондогон карапайым жарандар, чек арачы жоокерлер шейит болуп, миңдеген адамдар жашаган жеринен качууга, жан сактоого аргасыз болду.

Эми элдин баары эмнеге мындай болду? Неге бул трагедияга, улуттук сыздоого жол берилди? Анын себептери эмнеде? Кимдер күнөөлүү?

Бул эки күндүк согушта стратегиялык өнөктөш Россиянын ролу кандай болду? Кыргызстан бир тууган катары санаган Казакстан, Өзбекстандын ролу кандай болду?

Кыргызстан жардам сураса Азербайжанга жардам бергендей Түркия заманбап курал-жарак жагынан жардам берет беле?

Мыкаачылык менен тынч жарандарга кол салган, агрессор Тажикстан менен мындан аркы мамиле кандай болуш керек?

Ушундай татаал кырдаалдарда кимдерге таяна алабыз?

Мына ушундай суроолор кыргызстандыктардын башынан кетпей турат. Чындыгында мына ушул суроолор жооп таап, тийиштүү жыйынтык чыгарылыш керек. Андай жол бербөө үчүн тийиштүү чаралар кабыл алыныш керек.

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ КЕТИРГЕН АЛЕШЕМДИК

Агрессор Тажикстан, анын диктатор президенти Эмомали Рахмон жана Искандар Шох баштаган кутурган жоочулары тынч элге болуп көрбөгөндөй калаба ачышты. Душмандык агрессия жасашты.

Бирок, эки күндүк согуштун чыгуусуна шыкакчы болгондор, өз милдетине жоопкерсиз мамиле жасагандар өзүбүздүн ичибизде болду. Бул жерде өтө чечүүчү кызматта турган Камчыбек Ташиев тарабынан абдан олуттуу катачылыктар, кемчиликтерге жол берилди.

Биринчиден, Чек ара кызматын да УКМКага кошуп алган УКМКа башчысы Камчыбек Ташиев жергиликтүү “коррупционер”, ишкерлерге жасагандай ормон опузасын Тажикстанга жасап, абдан чоң ката кетирди.

Анын “Ворухту алмашасыңар же аны темир тор менен курчап салам” дегендей ультимативдик мүнөздөгү талаптары, ошого улалааш бул максаты олуттуу экенин көрсөткөндөй Баткенде аскердик машыгууларды өткөрүүсү тажик тарапты козутту.

Тажиктер катуу даярдык көрүүгө киришти. Эмомали Рахмон өзү Ворухка келип кетти (келгенде да Кыргызстандан аба коридорун сурабай тик учак менен келгени маалым болуп жатат. Ага бир нота да жолдонгон эмес Кыргызстандын аба чек арасын бузганы үчүн). Атайын аскердик машыгууларды өткөрүштү.

Экинчиден, тажик тараптын мына ушундай олуттуу даярдыктарга көрүп жатканы белгилүү болсо да кыргыз тараптагы жооптуу адамдар-УКМКа башчысы Ташиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, башкы кол башчы- президент Садыр Жапаров тийиштүү чараларды жеткиликтүү көргөн эмес. Лейлек тарап бекемделген эмес, ачык калган.

Үчүнчүдөн, ушундай критикалык учурда УКМКа, Чек ара кызматынын башчысы Европага кетип калган. Расмий маалыматта Германияга дарылануу үчүн деп айтылды. Бирок калк ичинде Ташиев Испаниядагы уулунун туулган күнүнө кеткен деген ишенич күчтүү. Бул эң кесепеттүү жоопкерсиздик. Ал өз баасын алыш керек.

Мына ушул жагдайлар Баткен, Лейлек трагедиясына алып келди.

РОССИЯНЫН РОЛУ ЖӨНҮНДӨ

Россия Тажикстанга тартып койду деген таарыныч кыргыз жарандарында пайда болду. Ага негиз бергендей сырткы көрүнүштөр да эки күндүк согуш алдындагы жолугушууларда, окуяларда байкалды. Маселен, согуш алдында, 28-апрелде Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстанда болду. Россия жана Тажикстан абадан биргелешип коргонуу боюнча келишимге кол койду. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын да жыйыны Душанбеде болду…

Мына ушул жагдайлар Россия Тажикстанды колдоду, керек болсо Кыргызстанга кол салууга көкүттү дегендей пикирлерди жаратууга негиз болду окшойт. Бирок, эмоциясыз, акыл-эс калчап караганда Россияга таарына турган жагдай, себеп жок.

Россия үчүн Кыргызстан жана Тажикстан бирдей эле абалда. Кыргызстан да, Тажикстан да ЖККУнун мүчөсү. Кыргызстан Россиянын долбоору болгон Евразия экономикалык биримдикке мүчө. Тажикстан мүчө эмес. Бул жагынан Бишкек Москвага бир сөөм жакын. Бирок Ооганстандагы кырдаал, ал жерден АКШ аскерлерин чыгарып кетип жатышы, ал аскерлер чыгарылгандан кийин Ооганстандагы абал Тажикстанды геосаясий алкактан алганда маанилүү өлкөгө айлантып турат.

Чындыгында, Москва менен Душанбенин абадан коргонуу келишими, Тажикстанда Коопсуздук Кеңештин катчыларынын жыйыны, Шойгунун келип кетиши да Ооганстан, ал жерде түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу…

ТҮРКИЯ БОЮНЧА

Түркия жардам берүүгө даярдай сезилет. Ага тийиштүү кайрылуу жана төлөм жөндөмдүүлүгү гана керек. Түркия аскердик тактика, стратегия боюнча абдан жетишкен өлкөлөрдүн катарында. Курал-жарак жасоо жагынан да акыркы мезгилдерде абдан алдыга жылды. Түркия айтылуу Байрактары менен БПЛА боюнча дүйнөдө лидер мамлекеттердин катарына кошулду. Дал ушул Байрактар Азербайжандын жеңшин камсыз кылды. Сирия, Ливияда согуштун агымын өзгөрттү. Мындан сырткары Түркия РСЗО, тик учак, ракета ж.б. заманбап курал-жарак, коргонуу, чабуул жасоо системаларын өндүрүүнү, жасоону мыктылап жолго коюп келатат.

Эгерде Россия чындап эле Кыргызстанды өгөйлөп калса, анда Түркия альтернатива боло алат. Ал үчүн албетте Кыргызстан, кыргыз эли, элитасы ичинен бекем болуш керек. Ансыз геосаясий күчтөр республиканы ичинен бири-бири менен тытыштырып, талкалап салат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Россия астырттан каршылык көрсөтүп, аларды үзгүлтүккө учуратуу саясатын уланта берсе, анда Кыргызстан бир чарасын көрүш керек. Албетте, Россияны түртпөй туруп, бирок улуттук кызыкчылыктагы, мамлекетти алдыга сүрөй турган, транспорттук туңгуюктан чыгара турган долбоорлор аткарылыш керек. Аны аткарууда Эмомали Рахмон сыяктуу каскактарды нейтралдаштырууда Түркия жардамын бере алат…

Түркиянын жардамын алуу үчүн Кыргызстандын тышкы саясаты “уктап жатпаш” керек. Тийиштүү учурларда, Түркияны эл аралык аренада басмырлоого алганда үн катыш керек. Маселен, Түркияны учурда армяндарга геноцид жасаган деп айыптап жатышат. Азербайжан гана бул маселеде Түркияны ачык коргоп, колдоп чыкты. Кыргызстан ТИМ бир үн катып койгон жок. Мына ушундай учурларда Кыргызстан үн катып, колдоосун билдириш керек…

Автор: Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов

Яндекс.Метрика