Жаңылыктар

Эл аралык издөөдө жүргөн өзбек жаранына кыргыз паспорту берилген

Финансы полициясы Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондорунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга паспорт мыйзамсыз берилген фактыны аныктады.

2018-жылы Өзбекстандын жараны Нематжон Хомидовго Кара-Суу шаарында жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту берилгени аныкталды. Бирок, тиешелүү иштердин жүрүшүндө, Хомидов паспорт алган учурда чет өлкөдө жашап, жети жылдан бери кирбей жүргөнү белгилүү болду.

«Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө паспорт алган учурда аталган чет өлкөлүк жаран 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Хомидов Нематжон Сомиевич мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстан Республикасында «Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу» беренеси боюнча соттолгон.

Бул факт «паспортту мыйзамсыз берүү» беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталып, учурда тергелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Яндекс.Метрика