Видео Жаңылыктар

«Эл кырылып атат, бизге курал бергиле!» Баткен эли бийликке кайрылуу жасашты

«Кыргыз өкмөтү абал тынч, атышуу токтоду деп мамлекеттик канчаларда көрсөтүп жатат, бул чындыкка дал келбейт. Бизге бийликтин кереги жок, биз өз жерибизди коргогонго күчүбүз жетет. Бизге болгону курал бергиле өз жерибизди коргоп алабыз!»- деп аскер формасын кийген Баткендин эки тургун кыргыз бийлигине кайрылуу жасашкан видео социалдык тармактарда, WhatsApp тайпаларда тарап жатат.

Видео:

Кыргыз бийлиги абал тынч экенини айтып жатат. Ошол эле учурда тажик тарап кыргыз жерлерин басып алып, үйлөрдү сүрдүрүп жаткан видеолорду таратышууда.

Өкмөт, коомдук жана эл аралык уюмдар Баткен элине гуманитардык жардам көрсөтүү аракетин көрүшүүдө.

Яндекс.Метрика