Жаңылыктар

«Элдин чыдамы кетип баратат». Жолдошова эки инисине катуу сын айтты

Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президентке кайрылуу жасады.

«Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаровко. Урматтуу Садыр иним, Сизге дагы бир жолу ачык кат аркылуу кайрылууга туура келди…

Тилекке каршы ар бир Президенттин бийлиги, эгемендүүлүккө ээ болгон жылдарыбыздан кийинки учурда, коомго терс «нормаларды» киргизип келишет.

Эл айтса, туура айтат…Сиздин бийлигиңизге бир жыл болбой үч өтө жаман «нормалар» коомго сиңип баратат:

1-си, кыйналып турган адамга жакшылык кылсаң, ал бийликке жеткенде… жакшылык кылган адамдарга душмандай мамиле кылса болот деген.
Мындан келди, башына оор күн түшүп турган адамга жакшылык кылбоо керек деген «норма», коомдон орун алды.

2-си, фейк фабрикаларды, группаларды ачып, жалданма адамдардын тобун түзүп, чындыкты сүйлөгөн инсандардын үстүнөн «жугунду» куйса болот, о.э. «чекесинен камоо» керек деген дагы бир өтө «жийиркеничтүү норма» кирди.

3-сү толук кандуу бийликке ээ болгон Президент, Өзүнө түздөн-түз баш ийген министри аркылуу ( мисалы А.Бейшеналиев) кимди болбосун сөктүрүп, шылдыңдатып, кемсинтип, кууп чыгып, мыйзамды тебелеп, адамдардын аброюна шек келтирүү менен чектелбестен, тебелеп тепсесе боло берет деген, «хандар» жасабаган өкүнүчтүү «норманын» кириши.

Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасы эркин, эгемендүү өлкө.
Кыргыз эли, акыйкатты, адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан эл.
Биз баарыбыз Сизге ишенип, Сиз эмнени кааласаңыз баарын колдоп бергенбиз.

Түрмөдөн чыгып эле, Премьер министр , анан Президент болом… болгондо да абсалюттук бийликти бергиле мага дедиңиз. 100% колдобосо да, 35 % шайлоочулар колдоп бердик. «Өлкөбүздөгү бардык маселеге керт башым менен жооп берем»- Президенттик башкаруу системага келели дедиңиз .
Эл-журт ага да макул болду.

Азыр эмне болуп жатат? Азык-түлүк көрүп билбегендей кымбат, доллар менен евро курсу, секунд сайын өсүп жатат, кредиттерин төлөй албаган жарандарыбыз кимге «даттанышын» билбейт, дары дармектин баасын айтпай эле коёлу. Жаз келди…дыйкандар эгин эге албай жатышат ж.б.у.с. маселелер чечилбей жатканы өкүндүрөт, о.э. топтолгон маселелер акырындык менен «бозодой» кайнап жатат. Элдин үнүн уккан эч ким жок…
Элдин чыдамы кетип баратат, Садыр иним…а Сиздердин чечкиндүү кадамыңар көрүнбөйт.
Тез аранын ичинде чара көргүлө жогорудагы проблемаларга, ошону менен көйгөйлүү болгон, чек ара маселесин чечкиле… антпесеңер карапайым элге өтө, өтө кыйын болуп калды жана болот.
Дүйнөлүк кризис ж.б. шылтоолор өтпөй калат, убакыттан уттурсаңар…

Убактыңар ченелүү, менин ачык катымы туура, түз кабыл алыңыз.
Элиңиздин, ишеничин, үмүтүн үзүп албаңыз.

Сизди, урматтоо менен Жылдызкан Джолдошова.

R.S. Эки иниңе айтпайсыңбы, кыйналдык деп мага кайрылгандар, урматтуу мекендештер С. Жапаровко жолугуп Сиздердин арыз-мүңуңарды айта албасам да, ачык кат жазып койдум.
Сиздердин суранычыңарды аткардым.

Дагы бир эскертүү…маданиятсыз, этиканы сактабай жазылган комментариялар өчүрүлөт.»

Яндекс.Метрика