Жаңылыктар

Электр энергиясына баа көтөрүлбөй турган болду

Электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

Айтымында, мындай чечим кечээ, 13-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугушуп электр энергиясынын тарифтерин талкуулагандан кийин кабыл алынган.

«Президент келерки жылы айылыкты, пенсия, жөлөк пулду жогорулатмайынча калка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөндөн кийин апрель айынан кийин жаңы тарифти киргизгенге аракет кылабыз», — деп билдирди министр.

Ошондой эле, электр энергиясынын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкаркы тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат.

Ал эми калган аймактагы тургундар бир айда 700 кВт / сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөнөрүн билдирди. Буга чейин өлкөдө электр энергиясына жаңы тарифтерди ушул жылдын 1-сентябрынан тарта киргизүү пландалып жатканы айтылган.

Яндекс.Метрика