Жаңылыктар

Видео. Элмурза Сатыбалдиевдин короосу сүрдүрүлдү

Бишкектин Шүкүров көчөсүндөгү 166-үйдүн тосмосун түрттүрүштү. Депутат Элмурза Сатыбалдиев буга чейин мойнуна алгандай, үй ага таандык жана анын ичинде жеке бала бакча бар.

27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат вице-мэр Нурдан Орунтаевден мэрия кандай негизде тургундардын тосмолорун бузуп жатканын жана Шүкүровдогу жашыл зонаны кеңейтүүнү каалап жатканын сураган. Азыр ал көчөдө жол оңдолуп жаткан учур.

Вице-мэр жашыл аймак жол куруу долбооруна киргизилгендигин жана 71 үй кызыл сызыктан чыгып кеткендигин, алар үйгө тийбей тургандыгын, үйлөрдүн тосмолорун гана ала тургандыгын айткан. Ал ошондой эле депутаттын кызыкчылыгы бар экенин, анын үйү да кеңейтүү зонасына киргендиктен, анын тосмосу муниципалдык аймакка кирип кеткендиктен, бузулууга тийиш экенин айткан.

Вице-мэрдин бул сөзүнө депутат ачууланган. ЖК комитетинин төрагасы Бактыбек Сыдыков да өз сөзүн айтып вице-мэрди урушкан. Экөө тең вице-мэрди жаштыгы үчүн жемелеп, үнүн бийик чыгарып, ордуна коюуга аракет кылышкан.

Сатыбалдиев акыры Орунтаевди андан кечирим суроого мажбур кылган.

Яндекс.Метрика