Жаңылыктар

Элсом капчыгынын тагдыры белгисиз болуп жатат

Кыргыз инвестициялык-кредит банкы (KICB) Elsom платформасы качан толук кандуу иштей турганы боюнча так маалымат айта алган жок.

Эскерте кетсек, KICB 12-13-февралда платформаны толук масштабдуу жаңыртууну жарыялаган. Бул банктын пикири боюнча электрондук капчыктын иштешин бир кыйла жакшыртмак.

Бирок, бир нече күндөн кийин Элсомдун колдонуучулары платформанын ишине нааразычылыгын билдире башташты. Негизги кыйынчылыктар бул картага акча чыгарып, башка номерге каражат которуу же терминал аркылуу эсепти толуктоо мүмкүнчүлүгү жок болуп кеткен. Арадан 2 жумадан ашуун убакыт өтсө да банк тарабынан эч кандай жооп боло элек.

Миңдеген нааразы колдонуучулар интернетке терс пикирлерин жазышып, плеймаркеттеги капчыктын рейтингин 5тен экиге түшүрүп салышты.
Бул боюнча банктын Элсом платформасы боюнча атайын адисине кайрылганыбызда жөнгө салына турган так датасын билбей турганын айтты.

«Биз баарын түшүнөбүз. Колдонуучулар ыңгайсыз болуп жатканын түшүнөбүз. Өзүбүз да ыңгайсыз болуп жатабыз. Бирок качан иштей тургандыгын так айта албайм. Бир жуманын ичинде деп үмүттөнөм», — деп кошумчалады ал.

Яндекс.Метрика