Саясат

«Эмгек» партиясынын талапкери жол кырсыгынан келип чыккан чыгымды төлөп бербей жатат

Депутаттыкка талапкер жол кырсыгына кабылып, Урмат Тургунбаев аттуу жарандын унаасын калыбына келтирип бербей жатат. Анын айтымында ал учурда «Эмгек» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Бексултан Жаныбеков.

Тургунбаевдин айтымында, Жаныбеков 2020-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында болгон авариянын натыйжасында келтирилген материалдык чыгымдарды калыбына келтирбей жатат.

«Жаныбеков Lexus RX 400 N үлгүсүндөгү унааны Үсөнбаев көчөсү менен түндүктөн түштүккө карай айдап бара жаткан. Түнкү саат 23:00 чамасында Күрөңкеев көчөсү менен кесилишкен жерде жол эрежесин бузуп, менин БМВ-520 үлгүсүндөгү унаамды сүзгөн. Кырсыктан кийин менин унаам калыбына келтирүү мүмкүн эмес болуп калган.

Жаныбеков унаа токтотуучу жайдан машинасын алып кетиши үчүн менин макулдугумду берүүмдү өтүндү жана ал ооруканадан тезирээк чыгууну суранды. Кандайдыр бир себептер менен ишти жабуу керек болду окшойт»- деди Тургунбаев.

Ал жол кырсыгынын күнөөкөрүнүн айткандарына макул болгон, бирок эми ал келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн таптакыр баш тартууда.
Бул окуя боюнча «Эмгек» партиясы талапкер Бексултан Жаныбековдун атынан расмий жооп таратты.

«Ооба, мен чындыгында былтыр сентябрь айында кырсыкка учурагам. Мен дароо күнөөмдү мойнума алып, келтирилген зыяндын ордун мыйзамдын талаптарынын чегинде калыбына келтирүүгө даяр экенимди билдиргем.

Келтирилген чыгымдын көлөмү боюнча талаш сот аркылуу чечилиши керек болчу, бирок жабырлануучунун күнөөсү боюнча иш кечеңдетилген, ал мындай мыйзамдуу жол менен канааттанган эмес. Жабырлануучулар сураган зыяндын көлөмү жөнүндө сөз болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Яндекс.Метрика