Саясат

Эмне үчүн байлар заматта курай калган партиялар жеңишке жетет?

Кыргызстанда ар бир шайлоонун алдында жаңы партиялар заматта түзүлө калып шайлоого аттанышы кадимки эле көрүнүш болуп калды. Кандай адам миңдеген адамдарды чогултуп, өлкөнүн булуң-бурчуна штабдарды ачып, жүздөгөн үгүтчүлөрдү жалдай алат? Жообу баарына белгилүү, бай адам. Эмнеге ар бир шайлоодо байлар ачкан жаңы партиялар жеңишке жетишет?

1) Алар кайсы бийлик болбосун коркунуч жаратпайт жана бийликтин айтканы менен болот. Элдин талабы алар үчүн экинчи орунда, биринчи кезекте бийликтин буйругун кынтыксыз аткарып беришет. Анткени артта чоң бизнестери турат. Ошон үчүн бийлик алардын добуш сатып алуусуна көз жумуп коет, тымызын колдойт. Аларда агитатор жалдаганга, рекламага, эң башкысы добуш сатып алганга каражаты бар.

2) Жакырчылык. Жумуш жок, киреше аз, бир үй-бүлөдө 4 киши болсо, паспортун берип, 4 миң сомду керегине жаратат. Аны олигархиялык партиялар пайдаланып кетет.

3) Үмүт өчкөн. Кимди шайласаң деле өзгөрүү болбойт деген түшүнүктөгүлөр көпчүлүктү түзөт. Кезегинде Дооронбек Садырбаев, Текебаев, Мадумаровдор бир тыйын бербей шайланчу, элибиз ал убакта мындан да жакыр эле. Бирок үмүт болчу. Азыр көбүндө үмүт өчкөн, өтө көп жолу алданды. Кайдыгер.

4) Саясий аң сезими төмөн, агартууга муктаждар, анализи жок, тааныштарга, туугандарга ишенип шайлагандар басымдуулук кылат.

5) Акча албаган, прогрессивдүү талапкерлерди жан дили менен колдоп, оңолсок болот эле деген, добушун 1000 сомго сатпай турчулар да миңдеп саналат, бирок алар тилекке каршы азчылыкты түзүп калышууда. Булар колдогондор депутат болсо, бийликти тескеп турушмак. Таза жана принципиалдуу адамдар бийликке ашыкча баш оору.

Акча таратпай туруп босогодон өткөн партиялар да жок эмес, ошолор эми шаар кеңеште азчылыкты түзсө да элдик маселелерди көтөрүп турат деген ишенич бар азырынча.

Ушундай темп менен кетсек, парламенттик шайлоодо партиялар саясий салмактуу, билимдүү, принципиалдуу адамдарга караганда каражаты көп бизнесмендерди катарына кошууга жан талашчудай.

Бирок, утулуп калган, каражаты жок партиялар күрөштү уланта бериши керек, жакынкы жылдары баарыбир ак тарапка эл оойт. Элибиз сатылат экен деп кол шилтеп кетип калгандар көп болсо, бийликке ошончо жакшы. Айылдарга көпүрө куруп, бала-бакча ачууга караганда, бийликтерди сестентип, уурдатпай, талатпай, кемчилигин көзүнө сайып көрсөтүп туруу, өлкө үчүн, эл үчүн, түбү келип президент үчүн да пайдалуу болот. Сындан чочулап турган башчы, узак иштейт.

Автор Жанар Акаев

Яндекс.Метрика