Окуялар

Эркектердин аялынын көзүнө чөп салуусунун себептери

Ар бир аял өмүрүндө жок дегенде бир жолу күйөөсүнүн өзүн башка бирөө менен алмаштырышына дуушар болушу мүмкүн. Көзгө чөп салуу — жубайлар үчүн эң оор сезим. Ага карабай бул нерсе үй-бүлөдө болуп келген, болуп жатат жана боло берет.

Көзгө чөп салуунун себептери:

Күтүлбөгөн жерден 
Атайын алмаштырайын деген деле ою жок, ыңгайлуу шарттан пайдаланып, эркек аялынын көзүнө кокусунан чөп салып алат. Бул учурда ал аялы тууралуу таптакыр унутуп калат жана кылган ишине эч өкүнбөйт.

Ичимдиктин айынан 
Эркектердин ою боюнча, бул эң күнөөсүз вариант. Шылтоосу да даяр: ичишти, бийлешти, өзүнүн эркин башкара албай калды, анан… Эгер мас болбосо эч качан мындай ишке барбастыгын, ал сизди аябай сүйөөрүн айтып ишендирет. Мындай адамды кечирип, мамилени мурункудай улантып кетүүгө болот.

Таарынычтын айынан 
Аялы менен урушуп кетип, анан андан өч алууну каалап, аялынын көзүнө чөп салууга барат. Эркек канчалык кекчил болсо, мындай алмаштыруу мүмкүнчүлүгү ошончолук көп болот. Ошондой эле бул алмаштыруу — үй-бүлөнүн бузулушунун эң таасирдүү ыкмасы.

Боло турчу көрүнүш
Алмаштыруунун бул түрүнө эркектер турмуштагы мыйзамченемдүү көрүнүш катары карашат. Атүгүл аялдарына өздөрү муну эркектин жаратылыштагы өзгөчөлүгү экендигин түшүндүрүшүп: «Мунун эмнеси бар экен? Кандай айырмасы бар? Мен баары бир сени сүйөм го» деп гана коюшу мүмкүн.

Эксперимент үчүн алмаштыруу 
Мындай экспериментти эркектер же өз аялын башкалар менен салыштыруу үчүн, же өзүнүн башкаларды кандай азгыра алаарын сыноо үчүн жасашат. 

Яндекс.Метрика