Жаңылыктар

Эркекти эркек зордуктаган боюнча Орусиядан расмий жооп келди

Маалыматка ылайык, мончодогу окуя Алтай Республикасынын Кош-Агач районунда болгон.

«Аталган видео Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталган. Күнөөкөр жоопкерчиликке тартылган.

Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайын тактоо максатында аталган мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүн жиберген. Бүгүн, 26-январда жооп келди. Анда 2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери WhatsApp аркылуу белгисиз жигитке карата күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жигиттин видеосун табышкан.

Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылдын август айында Алтай Республикасынын Кош-Агач районунда жашы жете элек Р. аттуу бала башка жашы жете элек өспүрүм К.га карата күч колдонуп, жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган. Жогорудагы факты боюнча Алтай Республикасынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июль күнү Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси «жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашы жете элек Р. ички иштер органына жеткирилип, Орусия Федерациясынын жаза процессуалдык кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган. 2020-жылдын 31-декабрь күнү айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош-Агач райондук сотуна жиберилген», — деп жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика