Эруландын үнү Финполго жетти. Мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сактаган кампа табылды
Каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан 2017-2018-жылдарга чейин жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдөгү кондитердик азыктар сакталган дагы бир кампа табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кампадан таңгактарда чыгарылган күндү өзгөрткөн пломбалар, ошондой эле чыныгы сактоо мөөнөтү жок буюмдар менен жасалма мөөрлөр табылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жүрүшүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев көзөмөлгө алды.
Буга чейин журналист Эрулан Кокулов бир нече жолу мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сактаган имараттарды жана аларды саткан дүкөндөр тууралуу репортаж тартып элге таруулаган.