Жаңылыктар

Эстелик орнотулду. Айдар Акаевдин каза болгонуна бир жыл болду

Айдар Акаевдин мүрзөсүнө мүрзө ташы орнотулду. Бул тууралуу журналист Айжигит Матраимов Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, экс-президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Айдар Акаевдин көзү өткөнүнө бир жыл толгондугуна байланыштуу анын мүрзөсүнө барышкан.

2020-жылдын 5-февралында Аскар Акаевдин тун уулу, 43 жаштагы Айдар Акаев көз жумган. Анын сөөгү 8-февралда Москвадагы Троекуровский көрүстөнүнө коюлган.

Яндекс.Метрика