Жаңылыктар

Финпол Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш ишин ачты

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.

Ал жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып туугандарына каттатып койгон.

Ал өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.

Яндекс.Метрика