Жаңылыктар

Форма 2ни чет өлкөдө жүргөн кыргыздар гана колдон алышат

Борбордук шайлоо комиссиясы форма 2 боюнча кандай колдоно тургандыгын түшүндүрдү. Алардын айтымында форма 2 Кыргызстандын аймагында колдонулбайт.

«Форма-2 боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана форма-2 боюнча добуш бере алышат. Бирок шайлоо күнү коомдук тартипти көзөмөлдөгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана байкоочуларга өздөрүнүн шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүүгө уруксат берилет. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде добуш беришет»

Яндекс.Метрика