Жаңылыктар Кызыктуу

Гүл уурдап качкан жигит келип кечирим сурады. Дүкөн ээси акчаны алган жок, себеби…

Гүл саткан дүкөндөн 101 роза букетин уурдаган жигит келип, салондун кызматкерлеринен кечирим сурады. Бул тууралуу дүкөндүн Instagram баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, жигит гүл саткан дүкөнгө анын гүлдү уурдаган видеосу интернетке тарагандан кийин эки күндөн кийин келип, гүлдөрдүн акысын төлөп кеткен. Жигит өзүнүн аракетин сүйлөшкөн кызынын алдында өтө күнөөлүү болгон жана «бул маселени тезинен чечиш керек болчу» деп түшүндүргөн. Жигит гүл саткан дүкөндүн кызматкерлеринен өзүнүн билдирүүсүн жарыялоону суранган: ⠀

«Мен жасаган ишим үчүн баарынан кечирим сурайм, өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип жатам. Ошол күнү мен кечинде келип гүлдөрдүн акчасын төлөп бергим келген, бирок жеке шарттарыма байланыштуу аткара алган жокмун. Ал видеону көрүп, карызга акча алып келдим, дагы бир жолу кечирим сурайм»

Ошондой эле жигит флористке шоколад белек кылып, окуя учурунда колун артка тартып кеткендиги үчүн андан кечирим сурады. ⠀ Белгиленгендей, гүл саткан дүкөндүн ээси келип, жигит менен жеке сүйлөшкөндөн кийин, жигитти кечирип, роза гүлдестеси үчүн акча албоону чечишти. ⠀

«Биз аны угуп, жолугушууга бардык. Анткени жигит учурда турмуштук оор кырдаалда экен. Эң башкысы ал баарын түшүнүп, кечирим сурады. Баарыбыз адам экенибизди унутпашыбыз керек».

Гүл уурдап качкан видеосу:

Яндекс.Метрика