Дүйнөдө

Германияга кулпунай терүүгө кеткен жаштарды кулдай иштетишкен

Жайында Германияга иштегени барган кыргызстандык студенттер Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевден жардам сурап кайрылышты. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Шербол Мелисбек уулу кыргыз маалымат каражаттарына кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, Германияга Unique Asia компаниясы аркылуу 150дөн ашык студент келген. Келишимге кол койгондор иш шарттарына нааразы болушуп, элчиликтен Шенген визасынын мөөнөтүн узартууга көмөктөшүүнү суранышат.

“Биз иштей баштагандан кийин келишимдин көп пункттары бузула баштады. Erdbeerhof Osterloh кулпунай терүүчү компанияда саатына 10,02 евро төлөнөт деп убада кылышкан. Көрсө бир куту кулпунайдын баасы 3,34 евро экен. Биз аны билген эмеспиз. Убадаланган €10,02 алуу үчүн студент саатына үч куту чогултушу керек.

Кээ бирлери келгенине эки жума болгондон кийин бир саатта үч ящик кулпунай тере албагандыктан жумуштан бошотулган. Тапкан 300 еврого үйлөрүнө кайтууга билет да ала албай калышты», — деп жазган Шербол Мелисбек уулу.

Ал ошондой эле эмгек тартибин бузууларды белгиледи.

«Бизге жумуш саат 6.00дөн 15.00гө чейин уланарын айтышкан. Биз болсо таңкы 4.15те талаага чыгып, 18.00гө чейин иштедик. Түшкү тамакка бир саат убакыт өткөрдүк. Көптөгөн студенттер чыгымдарын акташкан эмес. Компаниянын кызматы үчүн ар бири 350 евро төлөшкөн. Жалпысынан бир студенттин орточо чыгымы 100 миң сомду түзөт», — деп баса белгиледи студент.

Жөнөтүүчү компания студенттер үчүн тазалоо кызматына жумуш таап берген. Жаштар документ иштерине дагы 100 евро төлөшкөн.

«Биз, беш студент, Raimov Service GmBHде иштей баштадык. Иш сентябрга чейин созулат экен, визабыз болсо 15-августка чейин. Азыр көптөгөн студенттер мыйзамсыз иштеп жатышат. Көпчүлүгү жатаарга жери жок калып, компания берген контейнерлерде жашап калышты. Студенттер бул экономикалык жактан күчтүү өлкөдө өз чыгымдарын жаап, бир нерсе тапкысы келет. Баары бул жакка келгенине капа болушту. Визабыздын бүтүшүнө 20 күндөй калды», — деди Шербол Мелисбек уулу.

Буга байланыштуу студенттер Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевге кайрылып, Шенген визасын узартууга көмөктөшүүнү суранышты.

Тышкы иштер министрлиги кырдаалга комментарий берип жатып, элчилик бул маселени жакын арада карап, изилдей турганын билдирди. Бөлүм дипломатиялык өкүлчүлүк бардык күч-аракетин жумшай турганын, бирок визаны КР эмес, ФРГ берет деп белгиледи.

«Эгер бул студенттердин элчиликке биринчи кайрылуусу болсо, анда консулга маселени изилдеп, Кыргызстан менен Германиядагы бардык тиешелүү уюмдар жана фирмалар менен байланышуу үчүн эки-үч күн керек», — деп түшүндүрдү Тышкы иштер министрлиги.

Яндекс.Метрика