Видео Жаңылыктар

«ГЭСти тажик жарандары куруп жатат, биз иш жок отурабыз». Жапаровго жергиликтүү тургун кайрылды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну президент Садыр Жапаровко жана премьер-министр Улукбек Мариповго кайрылуу жасады. Анын айтымында Токтогул ГЭСин реконструкциялоо иштерине Тажикстандын жарандары келип иштеп жатышат. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар ишсиз отурганын айтты. Ал өзү Россиянын бир топ ГЭСтеринде иштеп келгенин жана кыргыз жарандары өздөрү эле ГЭСти оңдоп түзөө иштерин мыкты аткара алыша турганын билдирди.

Видео кайрылуу:

Яндекс.Метрика