Кызыктуу

Гитлердин өлүмү тууралуу жаңы жагдайлар. Ал өрттөлгөн

Россиянын ФСБ кызматы фашисттик Германиянын башчысы Адольф Гитлердин 1945-жылдын апрель айынын аягында өзүн-өзү өлтүргөндүгү жөнүндө жаңы архивдик материалдарды жарыялады. Бул тууралуу «Риа» жазып чыкты.

Бул Гитлердин мурдагы жеке учкучу группенфюрер СС полициясынын генерал-лейтенанты Ханс Баурдун жеке архивинен алынган маалыматтар жарык көрдү. Баурдун өз колу менен жазылган автобиографиясы немис тилинде болгон. Котормосу 1945-жылы декабрда НКВДдагы сурактагы көрсөтмөлөрү чагылдырган. Ошондой эле СССРдин Мамлекеттик коопсуздук башкы башкармалыгынын «Бутыр» түрмөсүндө Баур отургандыгы тууралуу маалымкат көрсөтүлдү.

Гитлердин колдору калтырап жатты

Ал суракта отуруп айткандай, 1945-жылдын апрель айынын аягына чейин Берлиндеги рейхсканцеллария бункеринде чогуу болуп акырына чейин Гитлердин ниетин билген эмес.

«Түштөн кийин 30-апрелде гана ал мени адъютант полковник Бетц менен кошо чакырды. Гитлер мени алдыман тосуп алып, бөлмөсүнө алып барды. Ал мага колун сунуп: «Баур, мен сени менен коштошкум келет, кызмат кылган жылдарыңа ыраазычылык билдиргим келет» деди, — деп эскерген.

«Ал абдан картайып, чөгүп кетиптир. Анын колдору титиреп жатты, мага ошондо гана ал өз жанын кыюуга акыркы чечим кабыл алганы түшүнүктүү болду. Гитлер мага өзүнүн бөлмөсүндө илинген сүйүктүү сүрөтүн — Рембрандтын эмгеги болгон Фридрих Падышанын сүрөтүн берерин айтты.

Баур Гитлерди өзүн-өзү өлтүрбөөгө көндүрүүгө аракет кылган. Бирок майнап чыккан эмес. Анткени бир нече сааттан кийин баары бүтөөрү белгилүү болчу.

«Менин жоокерлерим мындан ары душмандарды кармай алышпайт. Алар аз калды жана чаалыгышты. Мен мындан ары чыдай албайм», — деп жооп берген Гитлер. Андан ары ал орустар «Потсдам» аянтында экендигин жана аны уктатуучу газды колдонуп тирүү кармап алышы мүмкүн экендигин айткан. Гитлер италиялык партизандар фашисттик Италиянын лидери Бенито Муссолининин сөөгүн илип койгондой кылып аны да эл алдына илип койорун айткан.

Ал өзүнүн жана аялы Ева Браундун сөөгүн өрттөөгө буйрук бергенин кошумчалады.Ал Гитлердин акыркы сөздөрүн уккандан кийин анын колун унчукпай бекем кысып, сыртка чыгып кеткен. Сыртка чыгып Баур менен Бетц архивдик документтерди жок кылып , рейхсканцеллариядан кетүүгө даярданышкан.

Сүйлөшүүдөн бир-эки саат өткөндөн кийин ал убада кылынган портретти алуу үчүн кайрадан бункерге кайтып келген. «Алдыңкы жеке бөлмөлөр тамекинин түтүнүнө толуп калыптыр. ССтин күзөтчүлөрү тополоң болуп ары-бери чуркап жүрүшүптүр. Мен: «баары бүттүбү?» деп сурадым. «Ооба» деген жооп уктум. Өлүктөр жуурканга оролуп, бензин куйулуп үстүдөгү кеңсенин бакчасында күйүп жатыптыр» деп айткан Баур.

Ал болгон окуяга аябай таң калган. Баур иштин кайсы убакта болгонун эстөөгө аракет кылды. «Мен Гитлер менен коштошуп жатканда, кечки саат 6-7 болчу. Мен кайра тогуз жарымда бункерге кайтып келдим», — деп эскерет ал.

Рейхтин башчыларын издөө

Берлинди алуу үчүн болгон согуш учурунда 1945-жылы апрелде, Советтик «Смерш» аскердик контрчалгындоо органдарына Гитлерди жана фашисттик Германиянын башка башчыларын издөө жана камакка алуу милдети коюлган. Белорус фронтунун 1-бөлүгүнүн катарында, аскердик контрчалгылар Рейхстагга жана рейхсканцелларияга «фюрербункер» чабуул жасашкан.

Согуштун акыркы айларында Гитлер жана Үчүнчү рейхтин үгүттөө министри Йозеф Геббелс жана башка башчылар жашынган бункер кылдаттык менен бекемделген, бетондолгон жер астындагы бункерге чабуул жасашкан. Аскерлер 2-майда, 1945-жылы «фюрербункерди» басып алгандан кийин бункерде болгондор качып кетүүгө аракет кылышкан. Алар «Смерш» тарабынан кармалып, фашисттик Германиянын башка жогорку жетекчилери кайсы жактарга качкандарды жөнүндө маалыматтарды чогултуу башталган.

Колго түшүрүлүп, сурак берүү үчүн кармалгандардын катарында «Цитадель» секторунун коргоо башчысы (рейхсканцеллария жана бункер) Вильгельм Монке, Гитлердин жеке күзөт башчысы Ханс Раттенхубер, Улук Валет гейнц Линге, Жеке адъютант Отто Гюнше жана жеке учкуч, «эскадрилья фюрердин» командири Ханс Баур болгон. Алардын Гитлердин өлүмүнө байланыштуу жагдайлар боюнча бир нече сурактары Россиянын ФСБ борбордук архивинин, Россиянын мамлекеттик архивинин материалдарында, ошондой эле согуш кылмышкерлери катары өткөн айрым тергөө иштеринде сакталып калган.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, Адольф Гитлер жана аны жубайы эсептелген Ева Браун 30-апрель күнү 1945-жылы өз жандарын кыйган. 1-майда советтик аскерлер бункердин бакчасынан сөөктөрдү табышкан. Алардын арасында алты баласын өлтүрүп жана өздөрүн өлтүргөн Йозеф жана Магда Геббелстин сөөктөрү болгон.

1945-жылдын он үчүнчү майында рейхсканцеллария бакчасында 79-аткычтар корпусунун «Смерш» контрчалгындоо бөлүмүнүн кызматкерлери Гитлер менен Браундун өрттөлгөн өлүктөрү көмүлгөн жерди табышкан, алардын аныктыгын кийинчерээк көптөгөн соттук-медициналык экспертизалар тастыкташкан.

Яндекс.Метрика