Видео Жаңылыктар

Google картада кыргыз айылдары Тажикстанга карап калган. Аны кантип өзгөртсө болот?

Чек арада Тажик-Кыргыз жаңжалы чыккандан кийин көпчүлүк Баткен облусунун чек арасы кандай болду экен деп картаны карай башташкан. Анда социалдык тармактын колдонуучулары Гугл картадан катачылык табышкан.

Тагыраагы кыргызга таандык Арка, Достук, Жаштык, Борбордук, Интернационал айылдары Тажикстанга карап калган. Белгилүү болгондой Гугл картага эл өзү оңдоолорду киргизсе болот. Жер-суулардын аттарын, чек ара сызыктарды өзгөртүү үчүн картага кирип сунуш киргизүү керек, муну ар бир адам смартфондон же компьютерден кирип жасаса болот.

Гугл кайсы бир маалыматты өзгөртүүсү үчүн болушунча көп адамдан сунуш түшүшү керек. Төмөндөгү видеодон кантип мындай сунуш киргизүү керек экендигин үйрөнүп алыңыздар.

Видео:

Баарыбыз активдүү катышып, видеодогудай кылып Гугл картага түзөтүү киргизели.

Яндекс.Метрика