Гороскоп

Июль айына жылдыз төлгө 2020

Токту.  Бул ай эс алуунун учуру. Бирок, токтулардын пландары өзгөрүп, алыс сапарга чыга албай убара тартышат. Акчанын тартыштыгы бул айда абдан чоң тоскоолдуктарды жаратат. Романтикалык жолугушуулардын соңунда сүйүшкөндөр арасында таарынычтар пайда болот.  Июлда токтулар сабырдуу болуп, кийинки айга жакшы пландарды түзүп алышы зарыл.

Букачар. Айдын орто ченинде кирешелер күтүлөт. Кубанычтуу  учурларга туш болгон букачарлар бактылуу мезгилдердин таасиринде жүрүп, эс алуу мөөнөтү кантип өтүп кеткенин байкабай калышат. Айдын аягында конок келет же мейманчылап сапарга чыгашат.

Эгиздер. Июль айында пайдалуу иштерди бүтүрүп, жаңы жумуштарга шымалана киришип кетишкен эгиздер айдын аягында чарчаганын сезип, табият койнуна эс алууга чыгышат. Июль жаңы идеялардын, жаңы иштерди баштоонун айы. Эгиздердин ой пикирлери колдоого ээ болот.

Бөйөн.  Июлда бөйөндөр эңсеп жүргөн кыялдарын ишке ашырып, кыялдардын турмушта ишке ашаарына күбө болушат. Айдын ортосунан оой жаңы буюм сатып алууга шарт түзүлөт. Үйгө киреше кирип, ремонт иштери башталат.

Арстан. Эс алууга убакыт жок. Иштен тышкары кошумча жумуш менен алектенген арстандар кошумча киреше таап, эски карыздардан кутулуу жолун издешет. Айдын аягында жетекчилик менен пикир келишпей иш чатакка айланышы мүмкүн.

Бийкеч. Эс алуу менен бирге дарыланууну баштоо бийкечтерге пайдалуу болот. Бийкечтер бул айда тууган-туушкандарга жолугуп, эски тааныштар менен  көңүл ачууга убакыт табышат. Айдын аягында ири сумма коротуп кымбат баалуу буюм сатып алышыныздар күтүлөт.

Тараза. Июлда көп сапарга чыгып, жаңы кызыктуу адамдар менен таанышуу учурлары көп болот. Жаңы тааныштар менен келишим түзүлүп, ишкер долбоорлордун үстүндө иштей баштайсыздар. Июлда Чолпон жылдызы Арстан топ жылдызына келет, андыктан таразалардын жылдыздуулугу артып, ашык болгондордун саны арбыйт.

Чаян. Бул айда орчундуу ири долбоорлордун башталышы тууралуу өнөктөштөр кабарлайт. Айдын ортосунан аягына чейин  көп иштерди ийгиликтүү бүтүрүп  алууга кырдаал ыңгайлуу түзүлөт. Айдын аягында кызыктуу жолугушуулар, жаңы таанышуулар болот.

Жаачы. Июлда саякаттого чыгып, көңүлүңүз ачылат. Башталган иштерди жыйынтыктап, жасалган оор иштердин жемишин терүүгө убакыт жетти. Бул айда кирешелер көп болот. Бирок, конок тосууга, мейманга барууга арбын акча коротосуздар.

Текечер. Айдын ортосунда чарчап чаалыккан текечерлер эс алууга чыгышат. Мурда жасалган иштерди жыйынтыктап жемиштүү эмес экендиги текечерлердин зээнин кейитет. Бул айда жетекчилик тараптан сын, нааразычылыктар көп айтылат.

Суу куйду. Жаңы иш баштаган суу куйдулар башка ишке которулууга бел байлашат. Анткени бир жактуу иштерден тажаган суу куйдулар эс алууга чыгып, биротло иштен кол үзүп кеткилери келет. Июль ойлонуунун, күтүүнун жана көңүл калуунун айы.

Балыктар. Бул айда  эс алууга чыккан балыктар алыска барып эс алууну каалап, үй бүлөсү менен саякатка чыгышат. Жаратылышка чыгуу, суу жээгинде олтуруу менен нерв илдетинен арылып чарчоосун баскан балыктарга айдын орто ченинде жаңы ишке чакыруу келип түшөт.

Яндекс.Метрика