Жаңылыктар

«Ихсандын» башчысы камакка алынды

«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча кылмыш иштеринин башчыларына жана уюштуруучуларына карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативине март айынын башынан бери Кыргызстандын бардык аймактарынан “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине кирген жарандардан арыздар келип түшкөн. ИИМдин маалыматы боюнча, жабырлануучулар түзүлгөн келишимдердин негизинде 4% жана 7% өлчөмүндө кирүү акысын, ошондой эле баштапкы төлөмдөрдү 25%, 35% жана 50% өлчөмүндө төлөшкөн.

«Бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак-жай, автоунаа алышкан эмес. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара алышпайт», — деп белгилешти ведомстводон.

Келтирилген чыгымдын суммасы 121 млн 313 миң 950 сомду түзүп, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилиги тарабынан төлөнбөй калган. Ошентип, 11-июлда «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы1975-жылы туулган Б. А. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды аталган кооперативге кирбөөгө чакырат.

Яндекс.Метрика