Жаңылыктар

ИИМ шайлоо жана кагаз иштери көп экенин айтып актанып жатышат

Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча ишти ачууга борбордук милициянын бардык күчтөрү жөнөтүлгөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден бери ИИМ жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштеп, көчөлөрдү, сейил бактарды жана аянттарды кайтарууда. «Адам уурдоо оор кылмыш болуп саналат. Биринчи кезекте биз аларга көңүл бурабыз. Бул кылмышка токтолсок, анын ачылышына борбордук аппараттын кызматкерлеринен тышкары башка милиция кызматкерлери дагы катышкан. Үйдө үч күн түнөбөйбүз, жууп-тазалоо үчүн жарым саатка гана барабыз», — деди Бакыт Матмусаев.

ГУВДнын башчысы башка региондорго салыштырмалуу Бишкек күнү-түнү иштейт деди. Мындан тышкары алар кагаз иштерине көп убакыт кеткенин айтышты. Арыз жазуу, аны кабыл алып текшерүү жана башка толтурчу кагаздар көп экенин айтышты. 26 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда жарыяланган. Эки күндөн кийин ал жана аны уурдап кеткен адамдын жансыз денеси табылган.

Бул окуя кыргыз элин таң калтырды. Алар Ички иштер министрлигинин Бурулай трагедиясынан эч кандай жыйынтык чыгарбагандыгына нааразы болушууда.Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында зордук-зомбулукка каршы митингдер өтөт.

Яндекс.Метрика