Интернет жылдызы Бекболотту Анжелика багып алабы?
Толугу менен Анжелика
- Видео. "Психикалык жактан жабыркайт". Анжелика Ажарга катуу айтты
- Анжелика сүйүктүүсү менен кайра бирге экендигин айтты
- Анжелика бут кийимдерин сатыкка койду. Ырчылыкты таштап саясатка биротоло аттанабы?
- "Арыз жаздым". Анжелика сатып кеткен курбусун ачыкка чыгарды
- Ыйлап элге кайрылуу жасады. Анжелика коронавирус жуктуруп алды
Буга чейин социалдык түйүндөргө президент Садыр Жапаровго эки кабаттуу мектеп салып берүүсүн суранган мектеп окуучусунун видеосу тарап, коомдо кызуу талкуу жаратып, анын артынан ал интернет жылдызына айланып жаткан учуру.

Бекболот Бактыбеков Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай баатыр айылындагы №5-Зина Сейитова атындагы орто мектептин окуучусу. Ал бир топ эстрада ырчыларына жана вайнерлерге жолугууга үлгүрдү. Анын инстаграмдагы баракчасына жүз миңдеген адамдар катталып чыныгы жылдызга айланып кетти десек болот.
Буга чейин Бекболотту Садыр Жапаров кабыл алат экен деген сөздөр айтылып келген, буга президенттик аппараттан мындай билдирүү келип түштү:
«Учурда Садыр Жапаров аралыктан иштеп жатат. Эгерде жакынкы күндөрү Бекболотту кабыл ала турган болсо аралыктан кабыл алышы мүмкүн же жолугушууну кийинкиге жылдырат»,- деди Галина Байтерек.
Ал ырчы Анжеликанын үйүнө барып анын ден-соолугун сурап келди. Жолугушуудан соң ырчы өз инстаграм баракчасына мындай билдриүү калтырган:

«Ден-соолугубузду сурап, менин айылыман кырсыктап калдыңыздар, “Аллах сактап калды” деп батасын берди периште.
Бекболот, чоң рахмат сага! Инстаграмды позитивке толтуруп, сенин эле жакшы жаңылыктарыңды көрүп, жылмайып калдык. Шашпай тик-ток тартып, үйдү кыдырып, жайкы каникулга келем деп кетти. Эртенки ажобуз менен боло турчу жолугушуу оюңдагыдай өтсүн. Сөздөрү мончоктой тизилип, орду менен айтылып, чоңдорго үлгү болчу патриотубуз өсүп жатыптыр. Бар бологой.»

Мындан улам социалдык тармактын колдонуучулары «Бекболотту Анжелика эле багып алса болмок» деген пикирлерди жазышууда.