Окуялар

Интернеттен 25 жаш улуу киши менен тааныша коюп башыма балээ…

— Билем меники туура эмес бирок сырымды айтып жеңилдеп алгым келди. 20 жаштамын жогорку окуу жайда окуйм. Буга чейин бир да жигит менен сүйлөшүп көргөн эмесмин, ойлочумун окууну бүткүчө мага кереги жок деп.

Ошондой күндөрдүн биринде бир байке менен таанышып калдым интернет аркылуу менден 25 жаш улуу үй бүлөсү да бар экенин мен билчүмүн. Бирок мага жазып турат эле ал-акыбалымды сурап. Мен деле аны байке катары көрүп жооп берип койчумун.

Ошентип күндөр өтө берди баягы байке экөөбүздүн ортобуздагы болгон мамиле өрчүп баратты. Мен өзүмдү жакшы эле алыстатып жаттым бирок ал мени жактыраарын айтып туруп алды. Мен анын үй-бүлөсү бузулбасын деп ойлоп жаттым. Бир күнү ал мага жоолуккусу келгенин айтты.

Мен каршы болдум бирок такыр көнбөдү, бир эле жолу жолугуп сени көрүп алайын деди. Айла жок макул болдум. Ошентип ал байке экөөбүз жолуктук. Баары эле жакшы болчу машинасында сүйлөшүп отуруп бир маалда кучактап өпкүлөп кирди,

ошентип ортобузда болчу нерсе болду. Кийин боюмда болуп калганын билдим. Анан башым катты. Үйдөгүлөр укса мени кечирбейт эле же турмушка чыгайын десем болбойт анын үй-бүлөсү бар мени экинчи аялы кылып албайт эле. Өзүмдү такыр таштап салдым бардык ой — кыялым, тагдырым талкаланды. Өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезип калдым.

Бир гана ал байке билет эле менин кош бойлуу экенимди. Акыры чечим чыгардым гинекологго барып көрүнүп боюмдан түшүрдүм баланы. Ден-соолугум да кетти. Кийин төрөй аламбы белгисиз. Өзүмдү бактысыз сезип, өлүп алгым келди ушунчалык бирок жан таттуу экен эч нерсе кыла алган жокмун. Өзүмдү өзүм эч качан кечире албайм.

Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, өзүм менен өзүм калгым келип жалгыздыкты каалайм. Жаш болсо да мейли эле экөөбүздүн ортобуз 25 жаш айырма. Бирок ал мени сүйөөрүн эч качан таштабасын айтып турат.

Жашоодо ушундай болот экен, мен деле мындай болуп кетет деп эч качан ойлогон эмесмин. Бул окуяны айтып жатканымдын себеби, кыздарга айтаарым эч качан адашпагыла, эркектер бир ишти кылаарда ойлонгула эртең эле өзүңөрдүн кызыңар чоңоёт анан ошентип силердин да кызыңардын тагдыры талкаланышын каалабайсыңар, бирок силер бирөөнүн тагдырын талкаласаңар башыңарга келет. Жакында чет өлкөгө чыгып кеткени турам, ушул кыйын күндөрдү унутуш үчүн. Буюрса алдыда жакшы күндөр келээрине ишенем…Жанара

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Яндекс.Метрика