Жаңылыктар

Ири суммадагы жасалма доллар менен аял кармалды

Бишкекте ири көлөмдөгү жасалма доллар менен 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кармалган банкноттор жогорку сапаттагы жасалма документ экени жана таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалганы аныкталды», — деп түшүндүрөт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.

Ири суммадага жасалма АКШ долларын ал өз үйүндө сактаган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренеси «Өзгөчө ири өлчөмдө акча жана баалуу кагаздарды жасоо» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кармалган адам УКМКнын абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Яндекс.Метрика