Жаңылыктар

Исфана шаары Раззаков болуп өзгөрүлөт

Быйыл Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине карата Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоого чечим чыгарганын президент Садыр Жапаров 25-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«Өткөн жылы мен президенттик шайлоого катышып, алгачкы үгүт иштерин Раззаковдун жеринен — ​​Баткенден баштагам», — деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны каттоонун укуктук жактан толук эместиги, айрым тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдөгү кыйынчылыктар, Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон транспорттук инфраструктуранын коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүшү республиканын аймактык бүтүндүгүнө түздөн-түз коркунуч келтирет.

Яндекс.Метрика