Видео Жаңылыктар

«Ишенген малдарым ордунда экен». Чыр башталган Көк-Таш айылынын азыркы абалы

Кыргыз-тажик жаңжалы башталган чек арада жайгашкан Көк-Таш айлыгын тургуну өзүнүн үйүнө кайтып барып, жеринен видео тартып жөнөткөн. Ал атышуу башталганда үй-бүлөсү менен баарын таштап чыгып кетишкен. Кайра кайтып келгенде эшиктери ачылып, короо жайы чачылган, бирок, малдары өз ордунда болгон.

Жолдун аркы бетинде жайгашкан тажик тараптагы үйлөр өрттөнүп кеткенин көрүүгө болот. Ал кыргыз үйлөрүн сактап калган атайын даярдалган «Бөрү» отрядына ыраазычылыгын айтып өттү.

Видео:

Эске салсак УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Яндекс.Метрика