Гороскоп

Июнь айына жылдыз төлгө 2020

Токту. Июнь айында жеңил желпиликти таштап, маанилүү план­дарды ойлонуу керек. Бул айда олуттуу чечим алсаңыздар ал кийинки жашооңуздар үчүн чоң мааниге ээ. Бул айда мурда кетирген күнөө- каталыктарды жууш үчүн көп жакшы иштерди жасоого тийишсиңер. Иш жаатында жумуш жайбаракат жүрөт. Жумуш кылууга көңүл чаппайт. Акчага сак болуп, ири суммада карыз берүүгө болбойт.

Букачар. Жумуш артынан жаңы жумуштар табылып бул айда кара жанын карч урушат. Жаңы өнөктөштөр менен иш алпарууда чыдамкай болуу керек. Иш алдыга жылып, чыгармачыл энергияңар ашып-ташат. Айдын аягында ден соолукка көңүл буруу зарыл.

Эгиздер. Бул айда эгиздер жеке кызыкчылыгына башка бирөөлөрдү пайдалануу жагын көздөшөт. Бирок, алардын бул пландары ишке ашпай, аягы көңүл калуу менен аяктайт. Чыр-чатактуу иштерге аралашкысы келбеген эгиздер бул айда жалаң ден соолукту чыңдоого көңүл буруп, текшерилүүдөн өтүүлөрү керек.

Бөйөн. Жоро-жолдоштордун иштерине аралашпай, жеке жумуш­тарды бүтүрүп алуу жагын ойлоңуздар. Оюн-күлкүгө көп алаксыган чаяндарды үй бүлөдө чыр-чатак күтөт. Андыктан ай ичинде өзүңүздүн тартибиңизди көзөмөлдөп, өзүңүзгө жана үй бүлөңүзгө пайдалуу иштер­ди жасаңыз.

Арстан. Чыр-чатактуу иштерге көп кабылышат. Достор менен мами­ле начарлайт, ага арстандар күнөлүү. Бирок каталыгын мойнуна алгысы келбеген арстандар чоң жаңылыштыкка барышат. Финансы маселесинде талаш-тартыштар жаралат. Ай башында арстандар эски карыздардан ку­тулууга мажбур болушат.

Бийкеч. Бул айда эс алуу, тууган-туушкандардын иштери менен алек болушат. Акча жагынан маселелер жаралса жакын туугандар жардамга келишет. Айдын ортосунда саякатка чыгуу менен көңүлдүү эс алууга шарт түзүлөт. Сыркоологон бийкечтер ай ичинде дарылануудан өтүүлөрү керек.

Тараза. Жумуштан бошоп, көл боюнда эс алууга убакыт табылат. Көпчүлүк таразалар июнда жаңы сүйүүгө кабылышат. Ишкер тара­залар эң оор маселелерди колго алып, жетекчилик кызматтарга иштей башташат. Чыгармачыл таразалар ишинен баар таап, алкышка арзышат. Ай ичинде көз көрүүсү начарлаган таразалар көз доктурга кайрылышат.

Чаян. Майда-барат жумуштарды бүтүрүп, чоң ишенимге арзыган ча­яндардын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат. Июнь айында чаяндар өмүрлүк түгөйүнө жолугушат. Канчалык иштесе да канагат ал­баган чаяндар жаңы ишкердикти колго алууну ойлоно башташат. Эс алуу учурунда чаяндар курт кумурскалардын чагуусунан сактануулары абзел.

Жаачы. Кыялдар дайыма эле чындыкка айлана бербейт. Жумуш аб­дан көбөйөт, андыктан жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө туура келет. Жу­муштун көптүгү зыян эмес, киреше алып келет. Ай ичинде ден соолукту чыңдоого убакыт бөлүү зарыл.

Текечер. Чоң суммадагы ири киреше күткөндөр эс алууну жый­ыштырып иш менен гана алек болгону дурус. Эл менен иштеген теке­черлер ызы-чуулу иштерден тажап, жалгыздыкты самашат. Бул айда ачкачылык менен айыгам деген текечерлер ашказан илдеттерине чалды­гуу коркунучу туулат.

Суу куйду. Тобокелчи тоо ашат дегендей тобокелге баш байлап, маанилүү чечимдерди дароо кабыл алуу зарыл. Мурда өнөктөшүнө кан­дай мамиле жасаса так ошол абал эми суу куйдунун башына түшөт. Же­текчилик менен түшүнбөстүк мамилелер жаралат, кырдаал курчуп кети­ши ыктымал.

Балыктар. Жумушта балыктарды ийгилик коштойт. Эс алууга кара­ганда иш жакшы рахат тартуулайт, ага карабай үй бүлөсү, жоро жолдошу менен эс алууга чыгам деген балыктар спирт ичимдиктерин ичүүгө бол­бойт. Себеби, боор ооруулары козголушу күтүлөт.

Яндекс.Метрика