Дүйнөдө Кызыктуу

«Күйөөгө качан тиесиң» деген сөздөн тажаган кыз пикетке чыкты

26 жаштагы Сабина Сунбер Алматыда жеке пикет өткөрүп, ошону менен турмушка чыга элек кыздарга коомдук кысымга каршы турганын билдирди.

Ал «Күйөөгө тийиш керек» деп жазылган плакат менен үлпөт көйнөгүн кийип, көчөгө чыкты. Кыз өзүнүн жашын көрсөткөн тааныштарынын, туугандарынын, досторунун кысымын көп сезерин айтып берди.

«Менин жашымды уккан ар бир адам менин күйөөгө тие электигиме таң калышат. Анан баягы эле сөздөр башталат — сен күйөөгө тийишиң керек болчу, кеч болуп баратат, биологиялык саат өтүп баратат, деп айта беришет. Анын айтымында, көптөгөн кыздар кысымдан улам эрте турмушка чыгышат, андан кийин мындай үй-бүлөлөр бузулат.»

Чынын айтсам, азыр бул көпчүлүктүн көйгөйү болуп жатат. Адамдар зарыл болгон үчүн гана нике курушат. Коом кыздарга кысым көрсөтүп жатат, эгер ал 25 жаштан ашып калса, ал отуруп калды, ага эч ким үйлөнбөйт.

Сенин «жарактуулук мөөнөтүң» өтүп кетиптир дешкенде. Эмне үчүн кыздардын убактысы чектелет? Мен адамдардын үй-бүлө куруусуна каршы эмесмин, мен чектөөлөргө каршымын. Ошондуктан мен чечтим ушундай билдирүү менен чыгууга», — деп бөлүштү Сабина.

Сабинанын көптөгөн жазылуучулары аны колдоп, туугандары кысым көрсөткөн окуяларын айта башташты.Полиция кызматкерлери Сабина Сунберди плакат менен турууга тыюу салып, аны кармоого аракет кылышкан.

«Алар мени жергиликтүү полиция бөлүмүнө алып барууну каалашты. Менин пикетим бир жарым саатка созулду. Башка кыздар менин көз алдымда туруп, полициядан мени эмне үчүн плакат менен турууга тыюу салынганын сурашты» деди ал.

Яндекс.Метрика