Жаңылыктар

Күйөөгө тийип кеттим деп айткан келин Чүйдөн табылды. Ал каардуу кайненеден корккон

Дайынсыз жоголгон 23 жаштагы О.Б. аттуу келинди милиция таап үйүнө алып келди. Бул тууралуу анын кайненеси билдирди.

Анын айтымында, келини Чүй облусунун Беловодское айылында, энесинин бир тууганынын үйүндө экени белгилүү болгон.

«Келиним коркуп кетиптир, ошондуктан ал күйөөгө тийип кеттим деп калп айткан. Милиция аны үйүнө алып келди. Ал кечирим сурады. Күйөөсү экөө келишет деп ишенем», — деди ал.

Буга чейин аял тиш доктурга баруу үчүн Балыкчыга кетип, жоголуп кеткени маалымдалган. Кайненеси социалдык тармактардан аны издеп жатышканын көргөндөн кийин келини өзү байланышка чыгып, Жумгалга турмушка чыккандыгын айткан.

Көп өтпөй милиция кызматкерлери келинди Чүйдүн Беловодское айылына таап туруктуу жашаган жерине кайтарып беришкен.

Яндекс.Метрика