Окуялар

Күйөөм бычак көтөргөндө эле ажырашпай… Акыры сайды

Күйөөм менен турмуш куруп жашаганыбызга жети жыл болду. Бул аралыктын ичинде төрт балалуу болдук. Врачтар төрөшүмө тыюу салса да төрөй бердим бала алдырган күнөө деп. Кудай бизге төрт баланы берди бирок бактылуулук берген жок окшойт. Күйөөмдүн мүнөзү өтө оор келди.

Мага үйүндөгү жакындарына, балдарына кол көтөрчү эле, анын арасында мени менен катуу чырдаша кеткенде мага бычак көтөрө баштады, аны көрүпп калган өз апам ажыраштырып алам деп милицияга бердиртти. Милицияга бердим бирок кайра тосмо арыз жазып чыгаргыздым да төркүнүмө кеттим.

Арадан бир ай өткөндөн кийин күйөөм молдолорду айыл башчыларды алып үйгө барды кечирип койчу деп. Молдолорго тил кат жазып берди бирок, баягы жашоону кайра баштады. Жашап жүрдү. 2019-жылы декабрь айынын акырында уруша кеттик, мага бычак сайды. Кайра мени ооруканага алып барды, милициялар келди бирок мен дагы балдарымын тагдырын ойлоп милицияга арыз жазган жокмун.

Ошентип биз ажыраштык, бир жыл эки башка жашадык анан кайра балдарым үчүн деп жашаганы келдим. Бирок күйөөмө такыр көңүлүм жок болду. Эмне кылсам балдарым деп жашасам көңүлсүз жашоо, күйөөмдү жек көрүп жашап жатам, ажырашайын десем балдарымы ойлойм. Ошого кеңеш бериңиздерчи ажырашып кайра шаарга барып иштей берсемби же күйөөм менен жашасамбы.

Жайнагүл

One thought on “Күйөөм бычак көтөргөндө эле ажырашпай… Акыры сайды

Comments are closed.

Яндекс.Метрика