Күйөөм «элдешпесең мууздап кетем» деп жатат. Түнкүсүн кирип келип…
Саламатсызбы, катымды чыгарып бериңизчи? Мен бир үйдүн жалгыз кызымын сырымды бөлүшө турган эже-сиңдим жок. Апамдын жүрөгү ооруйт. Үч жыл мурун турмушка чыккам. Колумда бир жарым жашар уулум бар. Учурда ата-энемдин үйүндө жашайм, жолдошум менен тил табыша албай калганбыз.

Үч жыл ичинде күйөөмдөн көрбөгөн азапты көрдүм. Күйөөм ичет. Мас болгондо үйдө бир да адам соо калбайт алдынан чыккандын баарын урат. Ичпеген күндөрү ары өтүп бир чаап бери өтүп бир тээп мазактай берчү. Апамды аяп баарын жашырып айтпай келгем. Кийин таэжем бирөөлөрдөн угуп калып мени алып баса берген. Жарым жылдай жашоом тынчып калган эле, эми кайра тынчымды алып жатат. Чалып алып кайра жашайлы кел алып кетейин дейт.

Барбайм десем сотко берсем да баламды сенден алам деп коркутуп жатат. Кээде мас болуп алып барып сени да апаңды да союп кетем деп коркутчу болду. Кээде кирип келчүдөй чочуй берем. Эки агам болмо Россияда иштеп жүрүшөт. Үйдө эркек жок экенин билсе келип бизи өлтүрүп коебу деген коркунуч менен жашап жатам. Түнкүсүн уйку жок качан кирип келет деп. Алимент тургай 1 тыйын жок. Эчтекесинин кереги жок, бизге болгону тынчтык керек. Канткенде күйөөмдөн биротоло кутулам.