Көздү карап бул ооруларды аныктаса болот

Адамдын көзүн карап кандай оору менен ооруп жатканын билүүгө болот. Ал үчүн төмөндөгүлөрдү билүү зарыл:
Көздүн агы сары болуп турса демек, адамдын боору ооруйт.
Адамдын өңү керсары, көзүнүн тегереги сары, көздүн агы сары болушу организмде билирубиндин көбөйүп кеткендигинен кабар берет.
Көздүн агындагы кан тамырлардын даана байкалышы гипертония илдетине чалдыккан адамда болот. Демек адам кан басымын текшертүүсү зарыл.
Көздүн карегин тегеректеп ак айлампанын пайда болушу холестерин организмде көп экенин билдирет.
Көздүн алдынын шишимик тартып турушу бездердин сезгенишин кабарлайт.
Көздү бат-бат ирмеп туруу организмде магнийдин жетишсиздигин билдирет.