Окуялар

Күйөөм Москвага кетип орус кызды боюнда кылып салыптыр…

Саламатсыздарбы, мен мындайга кабылам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бул жалган жашоодо баарына даяр болуш керек экен. Күйөөгө ишенгенче эки босогоңо ишен деген сөз чын экен. Эң жакын көргөн адамым ушундай жолго барды.

Жашым 35те, ортодо эки уулубуз бар. Азыр стрессте жүрөм, күйөөм жазында Россияга иштегени үч айга кеткен. Алгач жакшы эле жүргөн, бат-бат сүйлөшүп турчубуз, анча-мынча акча да салып тураар эле.

Акыркы айларда телефонун өчүрүп ичип жоголуп жүрдү. Көрсө орус кыз таап алып ошону менен жашап жүрүптүр. Жакында Кыргызстанга келди, мага  кармалды. Телефонун бекитип эле, бир нерсени жашыргандай болуп, мурдагыдан башкача болуп калыптыр.

Иштеп жүрүп ажырашкан орус аялды таап алыптыр. Ошонун айынан күндө уруш бизде. Көңүлүң барбы кет ошого десем, жок эркектик кылгам дейт. Баарынан күйгөнүм анын боюнда бар экен. Бизде эки эркек бала, бизге кыз  төрөп берет багабыз деп күйгүзүп атат. Мен тогуз жылдан бери төрөй албай жүргөм.

Анысы болсо мени экинчи аял кылып алсаң деле макулмун, мени таштаба, сүйөм-күйөм, деп тынчтык бербей улам чалып, жазып жатат. Мындай эч кимдин башына келбесин, эмне кылышымды билбейм тирүү өлүкмүн. Бирөөгө акыл үйрөткөндө кыйынбыз башыңа келгенде айла жок көтөрөт экенсин. Эмне кылышты билбей калдым, кеңеш бериңиздерчи суранам, мындан ары кандай кылсам болот…

Яндекс.Метрика