Окуялар

Күйөөмдү жаш кыз дубалатып койгон экен. Эми ал мас болгондо….

Кара дуба дегенге ишенсе болобу? Же ал жөн гана коркутуучу сөздөрдун бириби ушул суроого жооп табышып коюңуздарды суранам. Күйөөм менден эки жаш кичүү болучу. Убагында күйөөм да анын апасы да улуу экениме карабай алакачып алышкан. Тагдыр экен ошентип жашап калдым.

Быйыл бирге жашаганыма он алты жыл болот. Ушуга чейин мага катуу сүйлөбөгөн күйөөм мага кол көтөрүп, үйгө тынчтык бербей баштады. Кызуу болгондо көзүмө жалаңкыч көрүнө бересиң дейт соолукканда. Мындан бир жарым жыл мурун биздин үйгө кайынсиңдимдин алысыраак тууганынын кызы эки айдан ашуун жашаган.

Кийин бизге айтпай кетип калыптыр. Көп өтпөй ал жаткан үйдүн терезесинен күйөөмдүн тешилген сүрөтүн таап алгам. Балдар тешкилеп ойногон экен деп маани бербей ыргытып ийген болчумун. Өткөндө кайненем диванда отуруп эле бир кезде ыргып турду. Чочуп кеттим. Көрсө колу менен диванды сылап жатса ийне сайылып калыптыр. Кара жип сапталып учунда чоң түйүн бар экен.

Кайненем болсо бирөөлөр дубалаган ийне деп шекшиди. Чынын айтсам мен ийнелеген иш кылбайм. Үйдө ийне турушу кыйын эле. Ошондон бери ал кыз күйөөмду окутуп койгонбу деп шекшип жатам. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Яндекс.Метрика