Окуялар

Күйөөмдүн катындай болгон досу тажатты. Мен сенин ордуңда болсом…

Мен да өз кайгымды бөлүшүп жеңилдеп алгым келди. Кыскасы менин башыман көп нерселер өттү. Кайнене, күйөө  дегендин жакшы эле азабын тарттым. Турмуш курганыбызга 6 жыл болду, ушул алты жыл мен учун 60жылга тете болду. Жолдошум иштейт, эмгекчил, камкор ата, ортодо 2 балабыз бар, боюмда да болуп калды.

Кайненем башынан мага каршы болуп, бир нече жолу ажыраштырды. Аягында өзүнчө жашап кичине тынчып калдык. Бирок мен кеткен кезде жолдошум көп нерсе кылыптыр. Ошолорду унута албайм, ичим ачышат эмнеге деп, анын айынан көп жолу уруштук. Азыр жакшы эле, бирок бир досу бар бойдок, ошол аялга окшогон неме ар кайсыга кийлигишип күйөөмдү буза берет.

Ал биздикине көп келет. Бир нече күнгө чейин жашап да калат. Боюнда барда аял «капризная» болуп калатко, бир себептер менен урушуп калсак эле ал досу чыга калып «мен болгондо жыга чапмакмын» деп айтат күйөөмө. Аны да кайра досторубуз менен чогуу отуруп калганда айтат. Катындай болуп кулагына ар кайсыны айтат менин көзүмчө эле, билбейм экөө жалгыз калышканда эмнелерди гана айтпайт болду экен. Ошону көрсөм эле жиним кашайчу болду. Жолдошум керек болгондо эле жанынан чыкпай калат, өзү керек болгондо дайынсыз жок болот. Аябай куу неме, тили узун «кантип чыдайсың ушуга» деп жолдошума айта берет. Өзү аял эркек дебей ар ким менен урушуп жүрө берет. Айттым «өзүң үйлөн анан көрөсүң» деп башка сөз ага жетпейт. Аны менен бир айтышсаң айтышып отура бересиң. Эмнеге ушуну дос кылып жүрөт билбейм, жоготчу деп канча айтсам да жок болбой койду. Кантем мындан ары.. Эч нерсеге көңүлүм жок…

Яндекс.Метрика