Окуялар

Күйөөмдүн катынпоздугун жалгыз уулумдун өлүмү да токтото алган жок…

Биз жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 28 жыл болду. Алты кыз, бир уул таптык. Күйөөм эч нерседен кем кылбай багат. Алты кызымдын баары тең кымбат баалуу машина айдашат. Баардыгын чет өлкөдөн окутту. Бирок телегейим тегиз эмес. Себеби 10 жыл мурун жалгыз уулумдан ажырадым. Чынын айтсам күйөөм өзү катынпоз эркектердин катарына кирет. Биз үйлөнгөндөн эле тартып, көзүмө чөп салып келет.

2007-жылы боюмда бар кезинде, күйөөм бир Көлдүк кыз менен мамиле түзүп, эч кимди көзгө илбей ачыкка чыгып, жүрө башташты. Уул төрөп берсем, балким токтототтур деген үмүттө, үн катпай келдим. Күзүндө көз жардым, көптөн күткөн тилегибиз оорундалып уулдуу болдук. Бирок өмүрлүк жарым, ал кыздан дагы да болсо кол үзгөн жок. Ошентип, уруш–талаш менен 4 жыл өттү. Күйөөмдү ал жаш кыз менен ар жерден көргөн тааныштарыбыз, мага айтып келе башташты.

Мен агынан жарылдым. “Ажырашам, болбосо же мен же ал кыз”- деген ультиматум койдум. Күйөөм бей капар, “мейли ажырашалы”- деди. Муздак суу сепкендей эле нес болуп туруп калдым. Ичим өрттөндү. Балдарымды, киймдерин чогултуп, унаага салдым. Өзүм рульга отурдум. Көз жашымды төккөн бойдон, төркүнүмө сапар алдым. Чычкандан жол кырсыгына кабылдык, кудай сактап баарыбыз аман эсен, бир гана төрт жашар уулум эсин жоготту. Кырсыктаганыбызды укканда, күйөөм достору менен дароо келип, уулумду Бишкеке алып келдик. 5 күндөн кийин уулумдан ажырадык.

Андан кийинки менин турмушумду элестетиш кыйын. Жашоо бир туңгуюктай сезилди. Тирүү өлүккө айландым. Балким үч кызым болбогондо, бул тирүүлүк менен кош айтышып, тынч уктап калат белем, ким билет? Жолдошум баягы кыздан кол үздү. Мени мечиттен-мечитке алып барып, жүрөк жаратымды бүтөгөнгө аракет кылды. Ошентип, 3 жылдан кийин боюмда бар экенин билдим. Жетинчи кыздуу болдук. Баягы уулумду эстегенде ичим сыздайт.

Эркек деген эркек экен. Ал дагы башка жаш келин тапты. Ал келин ага уул төрөп берди. Баардыгы билет, ал келинге болгон сүйүүсүн да жашырбайт. Укканыма караганда, ал келин менен алты жыл ойнош болуп жүрүп, анан экөө никелешип алган экен. Үйгө келгенде, жолдошумдун бир башкача бактылуу экендигин байкайм.

Кыскасы, ал келин менен орун алмашкым келет, анын ордуна, жолдошум менен төшөк кумарына бөлөнгүм келет. Менин көзүмдү сүйүүгө толгон көздөрү менен караса дейм.

Аттиң, турмуш мени башка орунга койду. Күйөөм мени кыздарымдын каарынан коркконунан сыйлап, жакшы мамиле кылгансыйт.

Бирок, биз эки башка бөлмөдө түн өткөрөбүз. Жакшы, эзелки эски достордой жашайбыз. Жада калса уруша да албайбыз. Себеби анда сезим жок, мендеги баардык сезимдер да эчак өлгөн.

Кимдир бирөөнүн жашоосу меникине окшоп, чечим чыгара албай кыйналып жүрсө өзүңөрдү кыйнабай тезинен кол үзгүлө демекчимин. А, менин жашоомдо кайсыл бир нерсени өзгөртүүгө эми кеч…

Яндекс.Метрика