Жаңылыктар

Күйөөсүнө таарынып бул ишке барган. Жарылуучу зат тууралуу чалган аял кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 9-августта Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты таратууга шектүү катары Сокулук районунун тургунун кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 10-августта билдирди.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 246-беренеси «терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү» боюнча каттоого алынган. «Иштин алкагында Сокулук районунда туулган 1994-жылкы Г.З.А. аттуу аял кармалды.

Ал ГУМдан «Нур Телеком» компаниясынан сим-карта сатып алып «Айчүрөк» соода борборуна бомба коюлганы жана адамдар барымтага алынганы боюнча жалган маалымат берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, аялдын мындай кылмышка баруусуна аталган соода борбордо иштеген күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон», — дешти УКМКдан.

Учурда аялдын мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин УКМК мындай жалган маалыматтар үчүн кылмыш иши каралганын эскерткен.

Яндекс.Метрика