Ден-соолук

Көздүн көрүүсүн үй шартында жакшыртабыз

Азыр интернеттин заманы болгондугуна байланыштуу карылар гана эмес жаштардын көрүүсү дагы начарлап баратат. Төмөндөгү ыкмалардын жок дегенде бирөөсүн аткарсаңыз көздүн көрүүсү жакшырат.

Көрүүнү жакшыртуучу, айыктыруучу кошулмалар:

Черника

Бирдей өлчөмдө кара моюл (черника) жана малинанын мөмөлөрүн аралаштырып колдонуңуз. Кара моюл (черника) көрүүнү жакшыртуучу азык, ошондуктан аны чектөөсүз жей берсеңиз болот.

Саз аири

Саз аирдин (болотный аир) тамырын майдалап, 1 стакан кайнак сууга 3 чай кашык майдаланган тамырдан салып, жарым саатка коюңуз. Бир күндө төрттөн бир бөлүгүн 3 маал ичиңиз.

Лиммоник

Лимонник уругунан 5 даанадан , күнүнө 3-4 саат сайын ичиңиз. Көк чай менен чогуу ичсеңиз болот.

Бал менен чай

Жарым аш кашык балды жарым стакан демделген кызыл чайга аралаштырыңыз. Бул аралашманы көзгө тамчылатуу үчүн колдонушат. 4-5 тамчыдан 3 маал тамчылатсаңыз болот. Мындан тышкары жатарга жакын 1 чай кашык балды 1 стакан сууга салып ичиңиз.

Сабиз жана олив

Күнүгө жаңы сыгылган сабиз ширесин ичиңиз. Ширеге 1 чай кашык олив майын кошуп алыңыз.

Ит мурун

Көз үчүн дагы бир пайдалуу азык бул ит мурундун мөмөмлөрү. 3-4 чай кашык ит мурундун майдаланган мөмөлөрүнө 2 стакан кайнак суу куюңуз. 5 мүнөттөн ашык кайнатпаңыз . Бул суюктук жылуу абалга келгенде 1 стаканга 1 чай кашык бал кошуп ичиңиз.

Имбирь, кызылча

150 граммдан имбирь салатына же кызылча салатына, 1 чай кашыктан оливка майын же лимон ширесин кошуп жеңиз.

Чалкан

Эки чай кашык майдаланган чалканга 2 стакан кайнак суу куюп  5 мүнөт кайнатабыз. Чалкандын жалбырагын, сабагын колдонсоңуз болот. Бул кайнатманы марлиден өткөрүп, тундуруп, көк чайга аралаштырыңыз. 1 күндө жарым стакандан ичиңиз.

Яндекс.Метрика