Жаңылыктар

«Каатчылык башталат». Токтогазиев азык-түлүк кризиси келе жатканын айтты

Бүгүн, 3-февраль жумуштан кеткен айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев 100 күн аралыгында иштеген ишинин жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Анда ал жакындап келе жаткан азык-түлүк кризиси жөнүндө эскертти.

Анын айтымында, өлкөдө шекер жана өсүмдүк майынын чектелген көлөмү бар. Жаңы айыл чарба министри бул көйгөйлөр менен күрөшүүгө аргасыз болот.
«Курч суроолор жайында буудайга байланыштуу болот. Кант боюнча бизде Кайыңдыдагы заводдун кампаларында болгону 18 миң тонна жана алардын кампаларында 8 миң тоннага жакын бар, бирок алар дыйкандарга таандык. Үч айга жетиштүү. Мунун себептеринин бири аткезчилик. Чоң көлөмдөр Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолгон. Биз учурунда буларды токтотуу керек билдиргем, тилекке каршы, алар бизди уккан жок», — деди ал.

Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитеттин азык-түлүк менен камсыздоо боюнча маалыматтары иш жүзүндөгү маалыматтардан айырмаланып турат.

Яндекс.Метрика