Жаңылыктар Кызыктуу

Кабыл албай койду. Депутат абактагы Атамбаевге жылкынын жарым этин берип жиберген

11-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина №47 колонияда жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге барып жолугуп келген.

Эл өкүлүнүн айтымында, Атамбаев ага алма, мандарин, апельсин берген.

Мындан тышкары Ирина Карамушкинанын айтымында, парламент депутаттарынын бири кечээ күнү Алмазбек Атамбаевге белек берүүнү чечкен. Ал 47-колонияга жылкынын жарым этин жиберген. Бул белек кимден келгенин билгенден кийин Атамбаев аны башка абактагыларга таратууну суранып, этти кабыл албай койгон. Көрсө, бул депутат Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу үчүн добуш берген экен.

Учурда ал депутат Атамбаевди колдой турганын билдирип, муну кеч түшүнгөнүн айткан.

Яндекс.Метрика