Жаңылыктар

Кадамжайда чабан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн таап алды

Кадамжай районунда жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылды. Маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, бир күн мурун саат 18.00дөр чамасында жергиликтүү чабан баштыктын ичинен баланын өлүгүн таап алган. «Факты катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милиция баланын апасын издеп жатат», — деп билдиришти.

Өлкө боюнча үшү жүрүшү күтүлүүдө

18-марттан 21-мартка чейин республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1… -6° суук, күндүз 0… +5° жылуу;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2… -7° суук, күндүз -2° сууктан … +3° жылуулукка чейин жетет;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетип, күндүзү +2… +7° жылуу;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык кылуу аймактарында түнкүсүн -2… -7° суук, күндүз 0… +5° жылуу;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6… -11° суук, күндүз -2 сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет; Тоо этектеринде түнкүсүн -5… -10°, күндүз 0… -5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18… -23°, күндүз -4… -9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.

Яндекс.Метрика