Видео Жаңылыктар

Кадимки согуш. Аялдар, балдар ташылып, эркектер чек арага жөнөп жатышат

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу, тургундар Баткен шаарындагы мектеп имараттарына эвакуацияланып жатышат. Учурда жаңжал чыккан аймактан 78 адам эвакуацияланды.

Ошол эле учурда, Баткен шаарынын Бужум, Кызыл-Жол жана Базар-Башы райондорунда жашаган эркектер чогулуп, жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү үчүн Көк-Таш айылына унаа менен барып жатышат.

Үч айыл аймагынын аймагында — Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү жана айыл өкмөт башчылары өзгөчө кырдаалда иштөөгө которулду. Аларда орун алган көйгөйлөргө өз убагында жооп кайтаруу тапшырылды.

29-апрелде эртең менен КР УКМК Чек ара кызматы Баткен облусунун Көчө-Бою аймагында болжол менен таңкы саат 4 саат 40 мүнөттөн баштап кырдаал курчуп кеткендиги тууралуу маалымат таратты.

Видео:

Яндекс.Метрика